Трамп өзүнүн портрети түшүрүлгөн алтын картаны көрсөттү

АКШнын президенти Дональд Трамп чет элдик инвесторлорго 5 миллион долларга өлкө жарандыгын алууга мүмкүндүк бере турган алтын картанын дизайнын көрсөттү. Бул тууралуу "РИА новости" жазды.
Ал кечээ, 3-апрелде өзүнүн портрети түшүрүлгөн алтын түстөгү картаны журналисттерге президенттин учагында көрсөткөн.
"5 миллион долларга бул сеники болушу мүмкүн. Бул карта эмне экенин билесиңби? Бул Трамптын картасы ", - деген ал.
Ак үй башчысы алтын картаны эки жумага жетпеген убакытта сатып алууга болорун белгилеген.
Буга чейин февраль айында Трамп алтын карта программасын ишке киргизүү планын жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.