super.kg logo

Кызык маалымат. Дүйнөдөгү эң кары адам Ооганстандан табылды

 

Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясынын тургуну 140 жашта экени тастыкталса, дүйнөдөгү эң кары адам болушу мүмкүн. Бул тууралуу Tolo news маалымат порталы билдирди.

Жер жүзүндөгү эң узак жашаган адамдын аты Акел Назир. Анын 100 кишиден турган үй-бүлөсү бар. Назирдин айтымында, Ооганстан Улуу Британиядан көз карандысыздыкка жетишкенде (бул 1919-жылы болгон) ал 30 жашта болчу. Ал Ооганстандын падышасы Аманулланын башкаруусун жана британ бийлигинен көз карандысыз күндөр тууралуу эскерген.

"Мен хан менен бирге хан сарайда болчумун... Британиялыктар качып, тизелешкенин айтканым эсимде. Баары сүйүнүп, британиялыктарды кууп чыкканы үчүн падышага ыраазычылык билдиришкен. Көптөгөн лидерлер бизди президенттик сарайга чейин коштоп жүрүштү, бирок азыр алардын баары кайтыш болду", - деген ал.

Анын жакындары Назирдин жашын мыйзамдуу кылып ырастоо үчүн Ооган өкмөтүнөн суранышууда. Эгерде анын жашы тастыкталса, өлкө бийлиги анын атын дүйнөлүк рекорддор китебине киргизүү аракетин көрөрүн убада кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: