super.kg logo

АКШнын кээ бир штаттарында катуу шамал болуп, кеминде жети адам каза болду 

 

АКШнын бир катар штаттарында катуу бороон-чапкын катталып, анын кесепетинен улам кеминде 7 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жергиликтүү басылмалар көптөгөн аймактарда торнадо жана катуу бороон катталганын жазышкан. Табигый кырсыктын кесепеттеринен улам калк арасындагы жоготуулар Теннесси, Миссури жана Индиана штаттарында катталган.

Ал эми катуу бороон электр зымдарын үзүп, аймактагы көптөгөн үйлөрдү жарыксыз калтырган. Мындан тышкары Теннесси жана Кентукки штаттарынын айрым мектептеринде окуу убактылуу токтотулган.

Бийлик аптанын аягына чейин улана турган нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

АКШнын президент Дональд Трамп Теннесси штатында өзгөчө кырдаал режимин бекитип, федералдык жардамды жапа чеккен штатка жөнөтүүгө тапшырма берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: