super.kg logo

Куандык Бишимбаев балдарына алимент төлөөдөн баш тартса болот. Юристтин түшүндүрмөсү 

 

Коңшу Казакстандын абакта жаткан мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин мурунку жубайы Назым Кахарман буга чейин Бишимбаевдин үй-бүлөсү алимент төлөбөй жатканын айтып чыккан.

Бул кыдаал боюнча Астана шаарындагы юрист Данияр Байгабатов түшүндүрмө берип, Бишимбаев алимент төлөөдөн баш тартса болорун, бирок мыйзамдуу түрдө бул эч нерсени чечпей турганын билдирген.

"Баш тартуу анын укугу. Бирок мыйзамга ылайык, алимент төлөө милдети сакталып калат. Эгерде Куандык Бишимбаев өз ыктыяры менен алимент төлөбөсө, анда сот аткаруучулар аны күч менен өндүрүп бериши керек. Эгер алимент төлөй турчу адам иштебесе, анда доогер анын тапкан акчасынан гана эмес, ага тиешелүү мүлктөн да алимент өндүрсө болот", - деген ал.

Ошондой эле ал ата-энелик укуктан баш тартканы менен, ата-энелик милдеттен баш тартууга болбой турганын кошумчалаган.

Назым Кахарман алимент боюнча келишим 2020-жылы ажырашуу учурунда түзүлгөнүн жана Куандык Бишимбаев ага макул болгонун билдирген.

Назим Кахарман менен Куандык Бишимбаев 14 жыл расмий түрдө никеде болушкан. Жубайлар 2020-жылы үч балалуу болгондо эки жолго түшүшкөн.

Эске салсак, былтыр, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.

Бишимбаев Астанадагы СИЗОдон жазасын өтөп жаткан жерге которулган. Ал өндүрүштө жумушка орношсо, түрмөдө канча айлык ала алары дагы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: