super.kg logo

Ошто жолду узартуу долбоорунун алкагында бузулуучу үйлөргө кенемте берүү боюнча жыйын өттү (видео)

 
Ош шаарынын аймагында бузуу иштеринен кийин бошотулган жер тилкелерге кенемте үчүн жер бөлүп берүү максатында жер алмашуу иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, отурумга Ош шаарынын мэринин орун басары – комиссиянын төрагасы Замир Юсупов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
"Бүгүнкү күндө Ош шаарынын мэриясына 39 коммерциялык соода жайлардын жана 59 жеке менчик турак жай ээлеринен арыз келип түшкөн. Аларга комиссиянын чечими менен макулдук берилди.
Ал эми жолдун долбоору толук аягына чыгып, кызыл сызыктар аныкталган соң белгиленген тартипте жерлерди баалоо менен башка жактан жер берүү боюнча жумуштар жүргүзүлөт. Жарандардан келип түшкөн арыздар комиссия тарабынан өз учурунда каралат", - деп айтылды маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Рыспай Абдыкадыров көчөсу Калининге чейин узартылып, ортодо салынган үйлөрдүн мыйзамдуулугу текшериле тургандыгы айтылган.





05.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: