"Жөө өтмөктөгү окуучу араң жетишип". Ысык-Атада автоээнбаштык жасаган айдоочу кармалды (видео)
Чүй облусунда автоээнбаштык жасап, адам өмүрүнө коркунуч жараткан айдоочу кармалды. Бул туурасында облустук Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 4-апрелде Ысык-Ата районун Новопокровка айылынын ичинен Шевченко-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен, 2004-жылы туулган О.А. аттуу айдоочу “КИА К5” үлгүсүндөгү унаасы менен катуу ылдамдыкта айдап, адам өмүрүнө коркунуч жараткан видео тасма тараган.
"Бул факты боюнча айдоочу аныкталды. Ал автоээнбаштык жасагандыгы жана төлөбөй жүргөн 33 миң 500 сом айып пулу үчүн, жалпысынан 38 миң 500 сом айыпка жыгылды. Учурда унаасы айып короо жайына токтотулду", - деп белгиленген маалыматта.
Ысык-Атада автоээнбаштык жасаган айдоочу кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.