Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берилбейт (тизме)
Эртең, 8-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Ага ылайык, саат 10:00 - 24:00 чейин төмөнкү даректерде суу өчүрүлөт:
- Ала-Арча суусу – темир жол – Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
- Жаш Гвардия бульвары – темир жол – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси;
- Д. Сяопин проспектиси – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев – Кулиев – Москва – Фучик – Казаков көчөлөрү.
Ичүүчү суу «Запад-2» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.