super.kg logo

Сиднейде учакта жаңжал чыгарган иорданиялык аткаминер кармалды

 

Сиднейде Малайзиядан Австралияга учуп келген учакта экипаж мүчөсүнө кол салган иорданиялык аткаминер кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда кабарланды.

Маалым болгондой, Шади Тайссер Айед Аль-Саайдех учуу учурунда AirAsia авиакомпаниясына таандык учактын авариялык чыгуу эшиктерин ачууга аракет кылган. Ошондой эле ал борт коштоочусуна кол салган. Учак конгондон кийин 46 жаштагы Иордания жараны федералдык полиция тарабынан кармалган.

Ага учактагы коопсуздукка коркунуч жаратуу жана экипажга кол салган деген айыптар тагылды.

«Иордания жаранына күрөө менен бошотууга уруксат берилген жок», — деп айтылат билдирүүдө.

ABC басылмасы жазгандай, Аль-Сааиде ядролук калдыктарды башкаруу тармагында Иорданиянын өкмөтүндө иштейт. Сиднейде ал австралиялык кесиптештери менен жолугушууну көздөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: