"Мени эстедиңизби?" Токмоктук бала Дмитрий Биволго өзгөчө сунуш менен кайрылып, Бивол аны аткарды (видео)
Кечээ, 6-апрелде Токмак шаарынын борбордук аянтында бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда өспүрүм бала Дмитрий Биволго кайрылып, аны менен эл алдында машыгуу өткөрүүнү суранды.
"Мени эстедиңизби?" деп сурады жолугушууда өспүрүм бала. "Ооба, эстедим. Сен ал кезде кичинекей болчусуң" деди Бивол.
"Мен азыр спорт мектепте окуйм. Азыр сиздин жаныңызга барып, кол менен иштеп машыгуу кылсам болобу?" деп сурады өспүрүм бала.
Мушкер өспүрүмдүн сунушуна макул болуп, машыгуу өткөрдү. Андан кийин ал алып келген мээлейге кол тамгасын калтырып берди.
Дмитрий Бивол Кыргызстанга 22-март күнү келген. Мушкер эртеси эле Бишкекте күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн.
"Мени эстедиңизби?" Токмоктук бала Дмитрий Биволго өзгөчө сунуш менен кайрылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
NURSAPAR

07.04.2025. 13:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токмак?... Суперде сабатсыздар жетиштүү....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.