super.kg logo

Макрон Кривой Рогго кол салуудан кийин Москвага катуу билдирүү жасады

 

Орусия балдарды жана жай тургундарды өлтүрүүнү улантуу менен АКШ жана Украинанын тынчтык сунуштары менен ойноп жатат. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон X социалдык тармагындагы баракчасына Орусиянын 4-апрелдеги Кривой Рог шаарына кол салуусуна комментарий берип жатып жазды.

"Украинадагы улуттук аза күтүү күнүндө менин оюм 4-апрелдеги Кривой Рогдо Орусиянын кандуу соккуларынан жабыркаган балдарда жана бардык жайкын тургундарда. Кечээ кечинде Орусия Киевдин эл жашаган кварталдарына жана Украинанын башка шаарларына кайрадан көп сандаган соккуларды урду", - деп жазды Макрон.

Ал Украина АКШнын президенти Дональд Трамптын 30 күндүк ок атышууну толук жана шартсыз токтотуу сунушун дээрлик бир ай мурун кабыл алганын эске салды.

"Биз бардык өнөктөштөрүбүз менен тынчтыкты камсыз кылуу үчүн аракет кылып жатканыбызга карабастан, Орусия согушун карапайым калкка эч кандай көңүл бурбастан улантууда", - деди француз президенти.

Макрон Орусиянын соккуларын мүмкүн болушунча тез токтотуу керектигин айтты. Анын айтымында, Москва соккуларын токтотпосо, анда чечкиндүү чара көрүлүшү керек.

"Орусия дагы канчага чейин АКШ менен Украинанын тынчтык сунуштарын шылдыңдап, балдарды жана жарандарды өлтүрүүнү уланта берет?" – деди француз лидери.

Акыркы маалыматтар боюнча, 4-апрелде Кривой Рогдогу кол салуулардын натыйжасында 20 адам набыт болгон, алардын 9у жаш балдар. Соккудан 74 адам жарадар болгон.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси Орусиянын Кривой Рогго кол салышы согуштук кылмыш болушу мүмкүн экенин иш жүзүндө моюнуна алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: