super.kg logo
  Саясат  

Апрель революциясына 15 жыл. Бишкекте курман болгондор эскерилди

 

Бүгүн, 7-апрель Бишкек шаарында 2010-жылдагы Апрель революциясы эскерилди. Бул туурасында президенттин администрациясы билдирди.

Маалымдалгандай, ревоюциянын 15 жылдыгына карата Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган борбордук аянттагы эстеликке гүл коюшту. Андан соң Кыргызстандын адилеттүү, эркин жана демократиялык келечеги үчүн жанын берген мекендештерин бир мүнөт унчукпай эскеришти.

"Быйыл биз 24-марттагы элдик революциянын 20 жылдыгын жана 7-Апрель окуясынын 15 жылдыгын белгилейбиз. Бул даталар мамлекетибиздин тарыхына түбөлүккө кирди, бүгүн биз алардын элесине таазим этип жатабыз. Элибиз адилеттүүлүк, эркиндик жана бийликтин тазалыгы үчүн күрөшкөн. Кубанычтуусу, учурда эл менен бийликтин ортосундагы биримдикти көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө элдин бардык үмүт-тилеги ишке ашууда", - деп белгилеген Эдил Байсалов өз сөзүндө.

Белгелей кетсек, 2010-жылы апрель айында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына элдин нааразычылыгы күчөп, бийлик алмашуу орун алган. Толкундоолор адам өлүмү менен коштолуп, бийликтин огунан 86 жаран каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: