Кыргыз футболу оор жоготууга учурады
Кара-Балта шаарында футболдун калыптанышына жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Сергей Александрович Резин каза болду. Бул тууралуу Кара-Балта шаарынын "Кыргыз алтын" футболдук клубу кабарлады.
Маалыматка ылайык, машыктыруучу кечээ, 6-апрель күнү 72 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Маркумдун кол алдында Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин, Фархад Хайитбаев, Кабылжан Иргешев, Виктор Герц сыяктуу көптөгөн атактуу футболчулар өсүп чыккан. Жалпысынан ал футбол дүйнөсү үчүн 30дан ашык спорт чеберин даярдаган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.