super.kg logo

Талас шаарына курулуучу 5 миң орундуу стадиондун эскизи жарыяланды (видео)

 
Талас шаарына 5 миң орундуу жаңы борбордук стадион курулат. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 7-апрелде аталган курулуштун мезгил кутучасы салынып, ага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев катышат.
"Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесине, жаңы Талас шаарынын Борбордук стадиону курулат. Заманбап талаптарга жооп бере турган стадиондун батыш жана чыгыш тараптарда жайгашкан трибуналар 5055 көрүүчүгө ылайыкталат. Ал эми үч кабаттуу трибуналар алдында жайгашкан корпуста кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр салынат. Андан сырткары аталган корпустун ичинде профессионал футбол оюнчулары үчүн ылайыкталган жатакана жана тамактануу жайы, конференц зал жана бир нече администрадивдик бөлмөлөр жайгашат. Комплекстин үчүнчү кабатында VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү үчүн жана VAR системасын орнотуу үчүн орундуктар жайгашат. Стадиондо жасалма чөптөн машыгуу оюн талаасы, воркаут, фудкорт аянтчасы орун алып, стадиондун айланасында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле стадиондун аймагында массалык иш-чаралар үчүн 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат", - деп айтылат маалыматта.





07.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: