Рыскулов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Белгилүү болгондой, 7-апрелден 23-апрелге чейин диаметри 520 мм болгон эски түтүктү диаметри 720 мм болгон жаңы түтүккө алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Участоктун жалпы узундугу 112 метрди түзөт.
"Иштин жүрүшүнө байланыштуу Рыскулов көчөсүндөгү автотранспорттун кыймылы аталган бөлүктө толугу менен жабылат", - дешти шаардык мэриядан.
Бишкек шаардык мэриясы жол тыгынын болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландаштырууну жана жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.