Таластагы жаңы бала бакчага Баткендеги куралдуу кагылышууда каза болгон аскердин аты ыйгарылды (сүрөттөр)
















Бүгүн, 7-апрелде Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Ачылышына УКМК башчысы Камчыбек Ташиев катышкандыгын атайын кызматтан билдиришти.
Маалымдалгандай, балдар бакчага Баткен районунун "Достук" чек ара заставасынын аскер кызматкери, 2022-жылы чек арадагы куралдуу кагылышууда баатырдык менен курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылды. Мектепке чейин билим берүү уясынын курулушу Ташиевдин колдоосу менен 200 балага ылайыкташтырылып курулгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Айта кетсек, курман болгон жоокер аталган аймактын тургуну болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.