Бишкекте тергөөчүгө пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды
Бишкек шаарында бир тууганына карата козголгон кылмыш ишин жеңилдетүү үчүн тергөөчүгө пара берип жаткан жеринен С.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, аталган жарандын бир тууганына кылмыш иши козголгон. Ал анын кылмыш ишин жеңилдетүү үчүн тергөөчүгө кабинетте 41 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.