super.kg logo

Таласта 5 миң кишиге ылайыкташкан стадиондун курулушу башталды (сүрөт)

 

Бүгүн, 7-апрелде Талас шаарында курула турчу борбордук стадионунун мезгил кутучасын салуу аземи болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талант катышкан.

Курула турган стадиондун жалпы аянты 5,56 гектарды түзүп, 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталат. Ошондой эле үч кабаттуу трибуналар алдында жайгашкан корпуста кийим алмаштыруучу, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр салынат. Мындан тышкары аталган корпустун ичинде профессионал футбол оюнчулары үчүн ылайыкталган жатакана, тамактануу жайы, конференц-зал жана бир нече администрадивдик бөлмөлөр жайгашат.

Комплекстин үчүнчү кабатында VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү үчүн жана VAR системасын орнотуу үчүн орундуктар жайгашат.

Стадиондун оюн талаасы гибриддик болуп, чуркоо аянтчасы курулат. Ал эми стадиондун өзү жана карамагындагы аянтча, жарык берүүчү шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта өткөрүүгө шарт түзүлөт.

Ошондой эле стадиондун аймагында массалык иш-чаралар үчүн 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай дагы курула турганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: