super.kg logo
  Саясат  

"Мамлекеттин кулу эмес". Дастан Бекешев мугалимдерди ишембиликке чыгаруу туура эмес экенин айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев акыйкатчы Жамиля Жаманбаевадан мугалимдердин ишембиликке тартылышы боюнча үн катууну суранды. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага мугалимдер жана тарбиячылар кайрылышкан. Бирок мугалимдер бул тууралуу ачык айта алышпайт.

"Бизде жума сайын ишембилик өткөрүлөт, бул жакшы идея. Бирок Лениндин бул ойлоп тапканы эгемендүү мамлекетибизде бир аз туура эмес формада уланып келе жатат. Элестеткиле, мугалим беш күн балдар менен иштейт, алтынчы күнү аларды бекер иштөөгө мажбурап жатышат. Бул туура эмес. Алар мамлекеттин кулу эмес да. Билим берүү министрлиги алардын укугун коргошу керек болчу. Бирок министрлик унчукпай отурат. Алар сизге кайрылса болот да туурабы?" - деди Дастан Бекешев.

Өз кезегинде Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институтуна андай арыздар түшө электигин, түшсө эле дароо үн катарын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: