super.kg logo
  Саясат  

Сулайман-Тоо кийинки жылы заман талабына ылайыкталып оңдолот 

 

Ош облусундагы Сулайман-Тоо музейи кийинки жылы оңдоп түзөөдөн өтүп, заман талабына ылайыкталып жасалат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелдеги Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында АРИСтин Баткен облусунун региондук экономикасын өнүктүрүү долбоорунун координатору Айбек Кадыров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Сулайман-Тоодо курулуш иштери 2026-жылы башталып, эки жарым жылга жакын убакытта аяктайт.

"Бүгүнкү күндө Сулайман-Тоодо курулуш иштери баштала элек. Учурда долбоордун сметасы, документ иштери толук аяктады. ЮНЕСКОдон эксперттер келип баарын карап чыгып, корутундусун берсе биз экспертизага беребиз. Жай айынын аягында тендерге чыгарып, 2026-жылы курулуш башталат.

Сулайман-Тоонун долбоорун Эл аралык компания даярдап жатат. ЮНЕСКО жана Маданият инистрлигине көрсөтүлүп, алар жактырды. Азыр ЮНЕСКО корутунду берсе эле, баштаганга даярбыз.

Кийинки жылы курулуш башталат, бул Эл аралык объек болгондуктан талаптар жогору, ошондуктан курулуш эки, эки жарым жылга созулат", - деди Кадыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: