"Менин жоокер балам". Ташиев Таласта маркум Дастанды эскерди (видео)
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Таласта жаңы ачылып жаткан бала бакчага ат ыйгарылган маркум жоокер Дастан Анарбековду эскерди. Атайын кызмат башчысынын сүйлөгөн сөзүн Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына жарыялады.
"Дастан силердин балаңар, а менин жоокер балам. Менин жоокерим болгон. Дастан балабыздын элесин ушул айыо эч качан унутпайт деген ойдомун. Айыл эле эмес, мамлекет унутпайт. Урматтуу эл-журт, ушундай баланы табиялаганыңарга таазим этем", - деди ал.
Айта кетсек, бүгүн, 7-апрелде Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Ага 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда баатырдык менен курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылды.
Камчыбек Ташиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.