super.kg logo

"Кызык иш болду". Депутат Масалиев президенттин мыйзамды артка кайтарган чечимин колдоду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев президент Садыр Жапаровдун Жер кодекси тууралуу мыйзамды артка кайтарган чечимин колдоду.

"Кызык иш болду. Президент Жогорку Кенеш кабыл алган мыйзамга вето коюп кайтарды. Жер кодекс боюнча, айрыкча жеке менчик жерди тартып алуу боюнча. Абдан туура чечим. Талкуу болгондо дал ушул маселе боюнча 3-4 депутаттар сүйлөгөн. Алардын ичинде каршы добуш берген мен да бармын. Өкмөттүн өкүлү кесиптештеримдин баштарын айландырып, "баары эске адынды" деп, аталган мыйзам кабыл алынды.

Эми президент каршы пикири менен ушул 3-4 депутаттын сөздөрү туура экендигин белгиледи. Мындай нерсе албетте кубандырат. Парламенттик копчулук да ката кетирет турбайбы!" - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, кийин коомчулукта катуу нааразылык жараткан Жер кодексин каршы пикири менен артка кайтарган. Жер кодексинин жаңы редакциясы Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында кабыл алынган. Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор 1-апрелде Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада акцияга чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: