super.kg logo

Муфтият паранжа маселеси боюнча билдирүү таратты

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коомдо кызуу талкууланып жаткан паранжа маселеси боюнча билдирүү таратты. Анда никаб кыргыз коомчулугуна жат көрүнүш экени айтылган.

"Азыркы заманда жүзүн ачып жүргөндөргө каршы коркунуч жок. Кудайга шүгүр, мамлекетибиз кубаттуу, жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө. Коомдун салтына жана үрп-адатына бөтөн болгон нерсеге фатва берилбейт. Никаб биздин коомго бөтөн көрүнүш.

Бүгүнкү реалдуулукта никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынып, аялча кийинген бүлгүнчүлөрдүн коомдук коопсуздукка шек келтирүү ыктымалдыгы жок эмес. Ошондуктан тааныла тургандай жүз ачып жүрүү маанилүү.

Демек, паранжа тагуу маселеси негизги диний маселелерге кирбейт", - деп жазылат расмий билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 4-апрелде Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда никаб кийгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалган. Ага удаа президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салуу боюнча "Кабар" агенттигине өз пикирин билдирген эле.

Эске салсак, "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр 26-декабрда кабыл алынган. Президент документке 21-январда кол койгон.

Мыйзамда китепчелерди жана баракчаларды таратууга, диний агымдарды жайылтуу максатында, диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат. Мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда кызматтык иштерге байланыштуу кийимдерди кошпогондо адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимдер (бет кап, паранжа, никаб өңдүү) менен жүрүүгө тыюу салынат.

Мындан сырткары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: