super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШ менен Иран түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эмне кеп?

 

Америка Кошмо Штаттары менен Иран түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

"Биз Иран менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз жана алар буга чейин эле башталды. Алар ишемби күнү уланат. Биз абдан чоң жолугушуу өткөрөбүз жана андан эмне болорун көрөбүз”, - деп билдирген Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон жолугушууда.

Тараптар Ирандын өзөктүк программасын талкуулашууда. Дональд Трамп жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүү АКШнын да, Ислам Республикасынын да кызыкчылыгы экендигин кошумчалагандыгы маалыматта белгиленген.

Бул арада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Оманда жогорку деңгээлдеги кыйыр сүйлөшүүлөр болорун X баракчасына "бул мүмкүнчүлүк да, сыноо да. Топ Америка тарапта" деп жазып калтырган.

Иран буга чейин АКШ менен өздөрүнүн өзөктүк программасы боюнча түз сүйлөшүүсүнөн баш тарткан. Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкян Тегеран Вашингтон менен тең ата сүйлөшүү жүргүзүш керектигин түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын коркутууларынан кийин Иран армиясын жогорку даярдыкка келтирип, жанаша жайгашкан өлкөлөргө эскертүүлөрүн жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: