super.kg logo

Түштүк Кореяда президенттик шайлоонун датасы анык болду

 

Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 3-июнда өтөт. Мындай чечимди өлкөнүн өкмөтү бүгүн, 8-апрелде кабыл алганын дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

"8-апрелде Министрлер кабинетинин жыйынында президенттик шайлоонун күнү 3-июнга белгиленип, бул күн убактылуу эс алуу күнү деп жарыяланды. Бул жарандарга добуш берүүгө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынган чечим", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Буга чейин Түштүк Кореянын бийлиги мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону ушул жылдын 3-июнуна белгилөөгө ниеттенип жатканы маалымдалган.

Кабарлап өтсөк, апрель айынын башында Түштүк Кореянын Конституциялык соту өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлдун импичменти боюнча акыркы чечимин чыгарганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Юн Сок Ёл өлкөдө аскердик абал киргизүү чечимин кабыл алган. Ошондон кийин парламент аны козголоң аракети үчүн айыптап, ага импичмент жарыялаган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. Ал 15-январда экинчи ирет суракка жеткирилип, андан кийин камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: