Орусияда балык кармаганы барган тургун эки күн унаасы менен музда калды (видео)
Орусиянын түндүк-чыгышындагы Магадан облусунун жергиликтүү тургуну унаасы менен 2 күн муз үстүндө калып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү жүздөгөн балыкчылар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертүүлөрүнө карабастан, Гертнер булуңуна балык уулоого барышкан. Натыйжада аталган аймактагы муздардан жаракка кетип, жээктен бөлүнө баштаган.
Балыкчылардын көбү жээкке жакын болгондуктан сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Ал эми Nissan үлгүсүндөгү унаанын ээси унаасы менен деңизде калып калган. Куткаруучулар эки күндөн кийин 8 чакырым Япония тарапка узап кеткен балыкчыны табышкан. Бирок алар дагы унааны чыгара алышкан эмес. Учурда дагы деле унааны чыгаруу аракеттери болуп жатат.
Балыкчу унаасы менен эки күн музда калган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.