super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Америкадан байгелүү кайтты

 
Кыргызстандын самбо боюнча курама командасынын мүчөлөрү АКШнын Жоржия штатынын Атланта шаарында өткөн ачык континенталдык кубогунда 11 медаль жеңди. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, медалдардын жетөө алтын, үчөө күмүш, бирөө коло.
Күжүрмөн самбо боюнча 88 килограммдык салмактагы Таласбек Нуралиев менен Бектен Эркебай уулу алтын алды. Ал эми 54 килограммдык салмактагы балбан кыз Канышай Аманкулова да алтынга ээ болду. Мындан тышкары, 64 килограммдагы Саяк Бараканов, 79 килограммдык салмактагы Таалай Бурганаков менен күмүш жеңишсе, ошондой эле салмак менен Курманбек Замирбек уулу коло утту.
Спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова менен Саяк Бараканов дагы бирден алтын алды. Ошондой эле 88 килограммдагы Нурсултан Уланов менен 79 килограммдагы Байэл Жакшылыков да алтынга жетишти. Ал эми Феликс Уланбеков 79 килограммдык балбандардын арасынын күмүшкө ээ болду.
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев, улук машыктыруучу Ильяз Каналбек уулу жана машыктыруучу Кулунбек Эстебесовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, мелдеш 5-апрелде орун алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: