Өткөрүп жибербеңиз. Салык декларациясын 1-майга чейин тапшыруу керек
Салык кызматы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 1-майга чейин тапшыруу керектигин эскертти.
Ага ылайык, бул аралыкта салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:
- жеке ишкерлер;
- патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;
- чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген Кыргыз жараны;
- киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алган жеке жактар.
Белгилей кетсек, 1-апрелде салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн биринчи этабы аяктаган.
Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 номери аркылуу же Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.