super.kg logo
  Саясат  

Депутат өспөй калган көчөттөр үчүн вице-мэрге кылмыш ишин козгосо болорун айтты (видео)

 

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев тамыр албай калган бактарга канча акча кеткенине, көчөттөр эмнеден улам куурап жатканына кызыкты.

Ошондой эле эл өкүлү Бишкекте отургузулуп, бирок тамыр албаган көчөттөр үчүн кылмыш ишин козгосо боло турганын билдирди.

"Жакшы кийимдерди кийип алып көчөт тигебиз, анын эмне болгонун эч ким сурабайт. Вице-мэр "10 миң көчөт отургузулду" деди, ошонун 70 пайызы өссө, демек, 3 миң көчөт тамыр албай калыптыр. Ошол көчөттөрдүн баасы канча? Бул өтө чоң сумма. Мен өзүмдүн кичи мекениме 500 көчөт отургуздум эле, каржы маселесинен улам үй-бүлөм менен ажыраша кете жаздадым.

Вице-мэр, эмне үчүн алар тамыр албай калат? Суу жок жерге көчөт отургузгандын же отургузуп алып сууарбай койгондун өзү чоң кылмыш. Менин тарыхымда болгон, 10 түп чынар терек куурап калып, ага иш козголгон. 10 көчөт боюнча иш козголгон фактылар бар, сиздики 3 миң көчөт экен. Сизге кылмыш иши даяр экен. Булар дагы биздин акча да", - деди депутат.

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев эки күндүн ичинде аталган көчөттөрдү көрсөтүп, алар тууралуу толук маалымат бергенге даяр экенин айтты.

"Көчөттөрдүн тамыр албай жатканына бир нече себептер бар. Кээ бир жерде суу жок болсо, кээ бир бактар ачык тамыр менен кээ бири жабык тамыр менен келет. Мага уруксат берсеңиздер, эки күндүн ичинде ушул бактар тууралуу маалымат бергенге даярмын. Бизде ар бир көчөттүн документи бар", - деди.






Жогорку Кеңеш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: