super.kg logo

Ошто соттук-медициналык экспертизада иштеген аял 100 миң сом пара менен кармалды (фото)

 

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Э.Ж.М. түркиялык Ч.А.А. аттуу жарандан каза болгон уулунун сөөгүн берүү процессин тездеткендиги үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча опузалап талап кылуу фактысы аныкталган.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 19-мартында Өзгөн районунун Баш-Дөбөн айыл аймагынын Көк-Таш тилкесинде 1995-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.А.С. аттуу жигиттин жансыз денеси табылган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн РИИБи тарабынан кылмышка шектүү катары өзбекстандык Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми дагы бир шектүү издөөгө алынган.

"1-апрелде Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун имаратында мурда белгиленген акча каражатын алгандан кийин Э.Ж.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Медицина кызматкерлеринин мындай аракеттери мамлекеттер аралык мамилелерге доо кетирип, өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: