"Сотко түшкөндүн шору куруду". Депутат Султанбекова сот тутумун сындады (видео)
Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйында депутат Чолпон Султанбекова сот тутумун сынга алды.
"Сотко түшкөн адамдын шору куруду да. Эч бир адилеттик таппайт. Биздин комитетке "сностор" боюнча аябай көп даттануулар келип жатат", - деди ал.
Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова бул пикирге макул эместигин билдирип, соттордун чыгарган чечимдеринин 9 пайызы гана арыз-даттанууларга учурап жатканын айтты.
Султанбекова судьлар кеңешине сот боло албай калгандар келип жатат деп кошумчалады.
08.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

