super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абакиров айыл элине акча берип жатканын айтып, маселени чечүүнү талап кылды (видео)

 

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров Чүй районундагы Арпа-Тектир айылынын тургундары ичүүчү сууну 5 чакырым алыстыктан ташып келип жатышканын билдирди.

Ал айылга суу түтүктөрүн кигизүү үчүн болгону 400 миң сом керектелерин, бирок ошол сумма чечилбей жатканын айтты.

"Аким таап бере албай жатат. Биз бул жерде миллиарддарды чечип жатсак, 400 миң сом үчүн 100 түтүн жайгашкан айыл суусу жок отурат. Суу ташууч унаа менен ташып келип жатышат, бирок ага күйүүчү май жок. Кечээ өкмөт башчынын биринчи орун басарына да чалдым, чече албай жатышат. Муну тез арада, бүгүн бир саатта чечиш керек...

Мына азыр телефонго "Бизде суу жок, бүгүн соляркага 5 миң сом салып жибериңизчи?" деп чалып жатат. Өткөндө да салгам, эми бүгүн да сурап жатат. Күндө суу ташуучу унаа үчүн соляркага акча сурап жатышат", - деди ал.






08.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: