super.kg logo

АКШ Кытайдан келген товарларга бажы тарифи 104 пайызга көтөрүлгөнүн билдирди 

 

АКШ Кытайдан келген товарларга кайрадан жаңы бажы тарифтерин киргизди. Бул тууралуу кечээ, 8-апрелде Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, аталган тариф бүгүн, 9-апрелде күчүнө кирет. Эми Кытайдан АКШга импорттолгон товарлардын кошумча алымдары 104 пайызды түзөт. Ак үйдүн басма сөз катчысынын айтымында, Кытай АКШга жооп кайтарып жаңылыштык кетирген.

"Америкага чабуул жасалганда, ал андан да катуу чабуул жасайт", - деген Кэролайн Ливитт.

Белгилей кетсек, Трамп өткөн аптада дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялаган. Анда ал АКШ Евробиримдиктен – 20 пайыз, Кытайдан – 34, Улуу Британиядан – 10, Вьетнамдан – 46 жана Индиядан – 26 пайыз импорттолгон товарларга тарифтерди киргизип жатканын көрсөткөн болчу.

Буга жооп катары Пекин АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизе турганын жарыялаган. Трамп буга каттаал жооп кылып, эгер Пекин өзүнүн өч алуу тарифтерин алып салбаса, 9-апрелден баштап кытай товарларына кошумча дагы 50 пайыз бажы салыгын киргизерин айткан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: