super.kg logo

Энергетика министрлиги ГЭСтерге экскурсия уюштуруп жатат

 
Энергетика министрлиги 16-апрелде энергетикалык объектилерге кезектеги экскурсияны уюштуруп жатат. Бул боюнча министрлик бүгүн, 9-апрелде билдирүү жарыялады.
Анын алкагында гидроэлектростанциялардын (ГЭС) иштеши, курулуп жаткан ири жана чакан ГЭСтер, көмөк чордондун жаңыланган жабдуулары жана электр энергиясынын өндүрүү процесси, энергетика тармагындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилет.
Экскурсияда төмөнкү энергетикалык объектилердин ишмердүүлүгү көрсөтүлөт:
  • «Кемин» көмөк чордонунун иштөө процесси;
  • Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү;
  • Нарын электр тармактар ишканасынын ЖБИ цехтин ишмердүүлүгү;
  • Куланак ГЭСинин курулуш иштери;
  • Ат-Башы ГЭСинин иштөө процесси тууралуу маалымат аласыз.
Экскурсияга бардык каалоочулар (активисттер, журналисттер, эксперттер жана жөнөкөй жарандар) катыша алышат. Каттоо 9-апрелден 11-апрель, саат 14:00 чейин жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынан бара тургандар үчүн. Дарек: Энергетика министрлиги, Жибек Жолу көчөсү, 326. Байланыш номер: 0999 066 566 – Айнура, 0700 945 489 – Мээрим.
Чүй облусунан бара тургандар үчүн. Дарек: Кемин шаары, Жибек Жолу көчөсү,75. Байланыш номер: 0708 016 000 – Тилек.
Нарын облусунан бара тургандар үчүн. Дарек: Нарын элекр тармактар ишканасы, Ысык-Көл көч, 2 (Нарын ЭТИнин ылдыйкы базасы). Байланыш номер: 0706 754 565 – Нуркыз.
Экскурсиянын чыгымдары министрлик тарабынан каржыланары кабарланды.
Эске салсак, буга чейин министрлик январь айында Токтогул, "Камбар-Ата-1", "Камбар-Ата-2" ГЭСтерине экскурсия уюштурган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: