super.kg logo

Тамыр жайган байланыш – О! командасынан дагы бир жашыл парк

 

О! мобилдик оператору тарабынан мектеп бакчасын жашылдандыруу боюнча кезектеги акция уюштурулду. Бул жолу Көлмө конушундагы №78 мектептин аймагына бак-дарактар отургузулду.

Уюштуруу ишин – көчөттөрдөн инвентарларга чейинки милдетти – толугу менен О! командасы алды. Жашыл келечектин авторлоштору катары, педагогдор менен жогорку класстын окуучулары иш-аракет алып барышты. Жакшы маанай менен, күрөктөрдү колго алып, көлөкө, таза аба жана жайлуулук көбүрөөк боло турган келечекти жаратууга чын дилден жардам беришти. Акциянын катышуучулары биргелешип, «смарагд» туясы, ак кайың жана бак-дарактардын декоративдик түрлөрү камтылган 70 көчөт отургузушту. Эми мектептин короосунда коңгуроонун гана үнү эмес, жалбырактардын шуулдаган үнү дагы угулуп турмакчы.

Бул О! командасы көрсөтмө катары эмес, чын дилинен отургузган жетинчи жашыл парк. Биз бак-дарактардын дагы байланыш – жаратылыш менен байланыш экендигине ишенебиз.

Жашылдандыруу иш-аракети Бишкек шаарында 15-мартта башталып, 17-майга чейин өтө турган көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча эки айлык программанын алкагында ишке ашты. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров 2023-жылы демилгелеп чыккан беш жылдык «Жашыл мурас» улуттук кампаниясына биздин салымыбыз болмокчу.

О! үчүн жашыл демилгелер – бир жолку иш-аракет эмес, дүйнөгө карата мамиленин бир бөлүгү болуп саналат: байланыштын мобилдик гана эмес, адамдык байланыш дагы, ал эми шаар – санариптик гана эмес, жандуу шаар дагы болушун каалайбыз. Биз жөн эле санариптик инфраструктураны өнүктүрбөстөн, аны табият менен гармония ичинде өнүктүрүүгө аракет жумшайбыз. Айта кетсек, биздин базалык станцияларыбызда куштар уя салып, балапандарын чоңойтуп жатышат. Жаратылыштын өзү туруктуулук менен коопсуздукту О!го ишенип тапшырууда. Биз ар бир камтуу чекитине кам көрөбүз, ал эми ал, өз кезегинде, жандуу экотутумдун бир бөлүгүнө айланууда.

О! – жүрөгү согуп турган санариптик компания

«НУР Телеком» ЖЧКсынын 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: