"Кызга окшоп кийинип". Бишкекте чет элдик жаранды сабагандар кармалды (видео)
Социалдык баракчаларда үч кыздын чет элдик жаранды сүйрөп, ур-токмокко алган видеосу тарап, кызуу талкууну жаратты. Окуя Бишкектин көчөлөрүнүн биринде болгондугу айтылат.
Ленин РИИБинин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча тергөө иштери башталганын айтып, жагдайга тиешеси бар үч кыз эмес, үч жигит кармалганын билдирди. Тергөө кызматына 2002-жылы туулган К.Н., 2000-жылы туулган А.Т., 2001-жылы туулган К.М., жана 1992-жылы туулган чет элдик жаран С.К. жеткирилген.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алына тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
09.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.