Азия чемпиону болгон Эрназар Акматалиевге айылдаштары аргымак мингизишти (видео)
Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Азия чемпиондугунан кайтып келгенден кийин өзү туулуп өскөн Нарын районундагы Орто-Нура айыл өкмөтүнө барды.
Балбанды айылдаштары салтанаттуу түрдө тосуп алып, айыл жаштары ага аргымак мингизишкен.
Ошондой эле балбанга "Нарын районунун ардактуу атуулу" наамы берилип, машыктыруучусуна Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын "Ардак грамотасы" берилген.
26 жаштагы Эрназар Акматалиев жакында эле Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын байге уткан.
Эрназар Акматалиевге айылдаштары аргымак мингизишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.