super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жумабеков гемодиализ алган жарандардын көйгөйүн айтты (видео)

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 9-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Жумабеков гемодиализ алган жарандардын дары-дармектери кымбат болуп жатканын айтып, аларга жеңилдик берүү керектигин сунуштады.

"Бүгүнкү күндө дары-дармектердин кымбаттап кетишинин, инфляциянын себебинен мамлекеттик ооруканадан болобу, же жеке клиникалардан болобу гемодиализ алган жарандарыбыздын дарылануусу өтө кымбат болуп жатат. Мамлекет тарабынан жеке клиникага 5500 сомдон ар бир жаран үчүн (гемодиализ алган) которулуп берилет. Бирок андан кийин инфляция болдук. Анын үстүнөн дары-дармекке кошумча нарк салыгы кирип калганынын себебинен бул ооруга тийиштүү дарылардын баасы кескин көтөрүлүп кетти. Эми 5500 сомго дарыланып жатышат. Бирок бир аз кыйынчылык туудуруп жатат", - деген депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.






09.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: