super.kg logo

Рюкзагына 100 таш бака салып алып, Өзбекстанга өткөнү жаткан жаран кармалды (видео)

 

Кыргызстандан коңшу Өзбекстанга аткезчилик жол менен 100 аквариумдук таш башканын алып өтүп бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

Кечээ, 8-апрелде “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу ири партиядагы аквариумдук таш бакаларды алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашкан.

"Стандарттуу паспорттук көзөмөл процедурасы учурунда чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга бараткан жарандын шектүү жүрүм-турумун байкашкан. Текшерүү учурунда 1991-жылы туулган С.М. аттуу Кыргызстандын жараны рюкзагына полиэтилен баштыкка тирүүлөй 100 аквариумдук таш баканы салып алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран таш бакаларды бейтааныш адамдын өтүнүчү менен чек арадан алып өтүүгө алгандыгын билдирди", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Текшерүү учурунда ал жаранда жаныбарларды чек арадан алып өтүүгө уруксат берүүчү доументтер жок экендиги аныкталган. Кармалган жаран жана конфискацияланган таш бакалар андан аркы териштирүүлөр жүргүзүлүшү үчүн тийиштүү компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.






100 ташбаканы алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: