super.kg logo

Казакстан 6 айга жумуртка импорттоого тыюу салды

 

Бүгүн, 9-апрелден тарта Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкөгө тооктун жумурткасын алып кирүүгө тыюу салды. Бул туурасында казак басылмалары жазышууда.

Маалымдалгандай, чектөө 6 айга киргизилет. Бул тыюу Казакстанга үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнөн бардык транспорттун түрлөрү менен тоок жумурткасын ташып келүүгө карата колдонулат. Ал эми өлкө аркылуу транзитке тиешеси жок экендиги айтылат.

"Жаз-жай мезгилинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жумурткаларды импорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул аралыкта керектөөчүлөр азайып, канаттуулар фабрикаларынын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, жумуртканын баасы арзандап жатат. Бааларды өзүнүн турган наркынан төмөндөтүү ишканалардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: