super.kg logo
  Спорт  

Орус актёру Михаил Ефремов мөөнөтүнөн мурда абактан чыкты

 

Москвадагы өлүм менен коштолгон жол кырсыгынан кийин соттолгон орусиялык актёр Михаил Ефремов мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду. Бул тууралуу орусиялык Телеграм каналдар жазышты.

Маалыматка ылайык, актёр Белгороддогу ИК-4 колониясынан жашыруун жол менен чыгарылган. Буга массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурбоо себеп болгон. Учурда Ефремов Москвага бара жатат.

Март айынын аягында актёр шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Буга 61 жаштагы Ефремовдун ден соолугунун начарлашы себеп болгон. Ал өпкөнүн өнөкөт оорусу менен жабыркайт.

Калган 3 жарым жылын ал мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө үйүндө өтөйт. Сот Ефремовго унаа башкарууга тыюу салды.

Белгилей кетсек, 2020-жылы 8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: