super.kg logo

УКМК Ош мэринин "шаарга кирген унаалардан акча алалы" деген сунушуна реакция кылды

 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин башка региондордун унаа айдоочуларына Ош шаарына кирүүдө акы төлөтүү демилгесине карата УКМК билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө атайын кызмат бул сунуш кабыл алынбай турганын баса белгиледи.

"УКМК Ош шаарынын мэринин бул демилгесин колдобойт! Ошол эле учурда УКМК жетекчилиги Түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда, бардык чыгымдар карапайым жарандардын моюнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт!

Мындан ары УКМК бардык кызмат адамдарын (мэрлер, акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү жана башка жетекчилер) ушул сыяктуу туура эмес идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого чакырат. Ошондой эле бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-кампаниялар менен алек болбостон, облустардын жана шаарлардын тургундарынын курч көйгөйлөрүн чечүүгө чакырат", - деп билдиришти УКМКдан.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп жатып калаага кирген унаалардан акы алууну сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.04.2025. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечее күнү эле элдер терс реакциясын жазып жатышкан Меердин видеосу чыккандан соң
09.04.2025. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуштун меринин крышасы кете баштады Кыргызстанда Садыр Нургожоевич эмес эле Женишбек Токторбаев башкарып аткандай эле сезилип калды кичине Ош шаарынын карапайым жашаган катмардан сурамжы кылса болот эле мактаган жактаган адамдарды эле чыгара бербестен 100 пайыз болбосо дагы 80 пайыз Ош шаарынын тургундары нааразы бул адамга бир эле маселе интернетте журот бир уй булоону болунуп чыкпайсынарбы дептир ал адамдардын жашоо турмушу кандай кандай тиричилик кылат кызыккан эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: