super.kg logo

УКМК өлкөдө курал колдонуу менен төңкөрүш жасоону пландаган топтун ишин бөгөттөгөнүн маалымдады 

 

Өлкөдө курал колдонуу менен массалык баш аламандыктарды жаратууну, улуттар аралык жаңжалды козутууну жана мамлекеттик төңкөрүш жасоону уюштурууга шектелген топтун иши бөгөттөлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат жыл башынан бери артында идеялык жактан шыктандырган адамдар турган топтун ишин байкоого алып келген. УКМК алардын бири болжол менен Бириккен Араб Эмирлигинде качып жүргөнүн белгиледи.

"Аталган топ өз максатын ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүктөр мазактады деген "токмоктолгон, жарым жылаңач кыргыз кыздын" жасалма видеосун чагымчылдык иретинде тартууну көздөгөн. Даярдалган роликте кыз жалынып жардам сурамак.

Видеоролик былтыркы жалдын май айында болгон окуяларга окшоп, улуттук патриоттук сезимдерди козгоп, өлкөнүн жаштарынын өкүлдөрүн дүрбөлөңгө салуу максатында даярдалган. Андан соң атайын даярдалган, ок атуучу куралдар менен жабдылган күжүрмөн топтор Бишкектин ар кайсы жерлеринде чет элдиктердин иштеген жана жашаган жерлеринде мушташтарды уюштурууну көздөгөн.

Ушундай эле провокациялар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата да пландаштырылган. Бул аракеттердин баары өлкөнүн башкаруу органдарынын кадырын кетирип, элдин нааразылыгын жаратып, оппозиция деп аталган масштабдуу нааразылык акцияларына жагымдуу шарт түзүп бериши керек эле", - деп айтылат маалыматта.

УКМК муну уюштуруу иштери өлкө чегинен тышкары аралыкта жүргүзүлүп жаткандыгын, учурда аларды табуу иштери жүрүп жатканын белгилеп, ал эми топтун өлкөдөгү мүчөлөрү, анын ичинде орто башкаруудагы жетекчилери кармалганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: