super.kg logo

УКМК Ош менен Жалал-Абадда мотор майларын жасап саткан төрт адамды кармады (фото)

 

Жалал-Абад жана Ош облустарында жасалма бренддик мотор майларын жасап саткан төрт соода фирманын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, фирмалардын директорлору жана жөнөтүүчүлөрү болгон Х.А., Х.Ш., Х.Н. жана М.Х. аттуу жарандар мотор майларынын бренддик соода маркаларынын дилерлери болушуп, сапаты төмөн майларды Кытайдан контрабандалык жол менен алып келишкендиги аныкталган. Мындан тышкары табылган мотор майларынын бардык идиштеринде 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген акциздик маркалары жок болгон.

"Кармалган майларды экспертизалоо алардын сапатынын төмөндүгүн, атап айтканда, курамында “щелочтук элементтердин” жоктугун көрсөткөн. Мотор майларынын бул касиети кыймылдаткычтарды мөөнөтүнөн мурда эскирүүдөн коргоо үчүн жооптуу. Алынган маалыматтарга караганда, алардын кызматын "тендерчилер" дегендер колдонуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тил табышып, оригиналдууга жамынып жасалма майларды алып келишкен.

Ошондой эле Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы май алмаштыруучу айрым түйүндөрдө Орусияда өндүрүлгөн арзан майларды андан ары сатуу үчүн бренддик маркалардын идиштерине куюу фактылары аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМК жарандардан май алмаштыруучу жайларда майдын өндүрүүчүсүн жана сапатын тастыктаган сертификаттарынын болушуна көңүл бурууну өтүндү.

"Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалашты УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: