super.kg logo

"Walk to Talk". Саламаттык сактоо министри Ош мэри Жеңишбек Токторбаевдин чуркап иштегенин колдоого алды

 

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевди колдой турганын билдирди. Бул тууралуу министр өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда ал Оштун мэринин чуркап жүргөн видеосу менен бөлүшүп, аны "элди ден соолукка кам көрүүгө үгүттөп жатат" деп баалаган.

"Толугу менен колдойм! Оштун жетекчиси өзүнүн жеке үлгүсү менен элди ден соолукка кам көрүүгө үгүттөп жатат. Кыймылдаш керек, физикалык активдүүлүктү күчөтүш керек! Саламаттыкты сактоо министрлиги да, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да чогулуштарды, жыйындарды кабинетте өткөрбөстөн, эшикке чыгып, басып талкуулаганга үгүттөйт.
"Walk to Talk" демилгеси ушундай которулат – "Басып талкуулоо". Бул заманбап ыкма. Жакында эле мен Өзбекстандын, Казакстандын, Азербайжандын саламаттык сактоо министрлери, ДСУнун Европадагы өкүлү, бир топ кесиптештерибиз менен Астанада чуркап, дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган жыйын өткөрдүк", - деген министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: