super.kg logo

Жазгы жаңылануу: Кыргызстан боюнча О! түйүнүнүн кубаты өсүүдө

 

Жаз – жаратылыш гүлдөгөн мезгил жана О! түйүнү табият менен бирге жаңыланууда! 4G LTE түйүнүн масштабдуу модернизациялоонун алкагында Кыргызстандын ондогон шаарлары менен айылдарында жабдууларды жаңыртуу иштери аткарылды. Бул өзгөчө аймактардын жашоочулары үчүн маанилүү, себеби сапаттуу мобилдик байланыш – бир гана ыңгайлуулук эмес, ошол эле учурда санариптик сервистерге, онлайн-билим берүүгө жана жакындар менен баарлашууга дагы мүмкүндүк алуу.

Өзгөчө көңүл кыргыз «сакурасы» гүлдөгөн Баткен областына бурулду. Өрүкзарлар чындап жомоктогудай пейзажды жаратат. Популярдуу трэвел-инфлюенсер Нурсултан Аттокуров жакында эле өлкөнүн түштүк өрөөнүнө саякаттап барып, түштүктөн ысык фотосалам жолдоду – О! түйүнү сигналдын мыкты сапатын жана керемет сүрөттөр менен соцтармактардан эркин бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн камсыздай алат. Ажайып көрүнүштү өз көзүбүз менен көрүп, суктанып келсек жакшы болмок!

О! түйүнү үзгүлтүксүз модернизацияланып тургандыктан, кыргызстандыктарда өлкөнүн дээрлик бардык жерлеринен заманбап санариптик кызматтардан пайдалануу, онлайн-билим алуу жана жакындары менен байланышта болуп туруу мүмкүнчүлүгү бар. Алыскы калктуу пункттар үчүн ишенимдүү байланыш абдан маанилүү жана О! оператору байланыштын баарына жеткиликтүү болушун камсыздоону улантууда.

О! байланышы жакшыртылган жерлер:

  • Чүй областында модернизацияло иштери Бишкек, Токмок, Кант шаарларында, Бишкек ЭЭЗ аймагында жана Жаңы-Жер, Күнтуу, Биринчи май, Чүй, Шалта, Сокулук, Военно-Антоновка, Ленинское, Күнтуу, Көк-Жар, Кызыл-Бирлик, Ак-Түз, Эпкин, Юрьевка, Чолок, Ак-Жол, Селекционное, Үч-Эмчек, Молдовановка, Ат-Башы, Мирный, Таш-Дөбө, Шабдан, Новопавловка, Новопокровка айылдарында жүргүзүлдү;
  • Ысык-Көл областында жаңылоо иштери Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында, ошондой эле Ырдык, Кош-Дөбө, Долон, Кутургу, Тамчы, Боз-Булуң, Токтогул, Булан-Сөгөттү, Отрадное, Ичке-Жергез, Кабак, Тоң, Жер-Үй, Эшперов (Большевик), Фрунзе, Корумду, Бостери, Ичке-Жергез, Боз-Учук, Пристань-Пржевальск, Ак-Булуң, Ак-Булак, Шаты айылдарында аткарылды.
  • Талас областынын тургундары эми Талас шаарында, ошондой эле Шекер, Көк-Кашат, Калба айылдарында туруктуу байланышка ээ болушту;
  • Нарын областынын Арсы, Ак-Кыя, Комсомол, Талды-Суу, Кең-Суу, Сегизинчи март, Куланак, Ак-Жар, Эмгекчил, Кум-Дөбө калктуу пункттарында, Кыргыз-Алтын карьеринде сигналдын сапаты жакшыртылды.
  • Жалал-Абад областынын Жалал-Абад, Токтогул, Кербен, Базар-Коргон, Кара-Көл жана Кочкор-Ата шаарларында, ошондой эле Нарын, Кызыл-Жар, Достук, Жыл-Кол, Таш-Булак, Сасык-Булак, Жар-Кыштак, Жыл-Кол, Колот, Сузак, Кызыл-Өзгөрүш, Терс, Массы, Шыдыр, Кочкор, Арал сыяктуу бир катар айылдарында, Шамалды-Сай шаарчасында мобилдик интернеттин ылдамдыгы көбөйтүлдү;
  • Ош областында 4G LTE түйүнү Ош шаарынын өзүндө жана Дыйкан-Кыштак, Орке, Жапалак, Кашка-Терек, Учкун, Жетим-Дөбө, Кеңеш, Каарман, Мамажан, Коо-Чаты, Чычырканак, Буйга, Араван, Кең-Сай айылдарында мурункудан да күчтүү иштеп калды;
  • Баткен областында модернизациялоо иштери Баткен, Раззаков, Кадамжай шаарларында, ошондой эле Тогуз-Булак, Жаш-Тилек, Чимген, Чарбак-Сай, Боз-Адыр, Ак-Турпак, Кызыл-Коргон, Ак-Татыр, Кан, Сары-Талаа, Говсувар, Көк-Таш, Валакиш, Чоң-Гара, Апкан, Кара-Бак, Кыргыз-Кыштак, Марказ, Ноогардан, Чекелик, Жошук, Караван, Мурас, Марказ, Кара-Дөбө, Орозбеков, Миң-Чынар, Арпа-Сай, Кара-Жыгач, Чек, Бужум, Жаңырык, Интернациональное, Карл Маркс, Кызыл-Бел сыяктуу бир катар айылдарында жүргүзүлдү.

Түйүндү өнүктүрүү – бул Кыргызстандын эң алыскы аймактарында дагы туруктуу байланышты камсыздоо багытында жасалган маанилүү кадам. О! өзүнүн абоненттерине кам көргөн жана санариптик технологиялардын жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыздаган оператор бойдон калууда!

Кыргызстанда байланыш операторун тандоодо О! мобилдик оператору – өлкө калкынын 99,8%ы камтуу зонасында жашаган 4G/3G/2G түйүндөрүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өлкөнүн лидери экенин эстен чыгарбоо керек.

Камтуу картасын карап чыгуу жана ыңгайлуу тарифти тандоо o.kg сайтынан мүмкүн.

О! Колдоо кызматына күнү-түнү Whatsapp: https://wa.me/996705700700 же Telegram: @o_mobile_operator_bot аркылуу, o.kg сайтындагы онлайн-чатка жазыңыз, ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөр аркылуу кайрылыңыз.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: