super.kg logo

БатМУнун жооптуу адамдары 15 миллион сомго жакын каражатты кымырып алгандыгы айтылууда

 

Баткен мамлекеттик университетинде (БатМУ) бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында БатМУнун жооптуу кызматкерлери каражаттарды ыйгаруу боюнча мыйзамсыз схеманы, ошондой эле жалган документтерди тариздөө жолу менен командировкалык чыгымдарды негизсиз төлөөлөрдү уюштургандыгы такталган.

  • 2020-жылдан 2024-жылга чейин контракт боюнча окуу үчүн студенттер төлөгөн 14 миллион 447 миң 200 сом акча каражаты БатМУнун бюджетине түшпөй, университеттин жооптуу адамдары тарабынан кымырылган;
  • Мындан тышкары университеттин жооптуу адамдары тарабынан кызматкерлерге жана студенттерге 2 миллион 875 миң 300 сом суммасында негизсиз чет өлкөгө командировкалык төлөмдөр системалуу түрдө жүзөгө ашырылган.

"Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматын тартуу менен жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян 17 миллион 322 миң 500 сомду түзгөн. Азыркы учурда кызмат адамдарын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу жана алар тарабынан аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: