2028-жылкы Олимпиадага спорттун эки түрү кошулушу мүмкүн
Эл аралык футбол ассоциациясы (ФИФА) футзал менен пляж үстүндөгү футболду 2028-жылкы Олимпиада оюндарына киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу ФИФАнын президенти Жанни Инфантино социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Биз 2028-жылкы Олимпиада боюнча сүйлөшүүгө макул болгондугу үчүн Эл аралык Олимпиада комитетине ыраазычылык билдиребиз жана футзал менен пляж футболун Олимпиаданын программасына киргизүү боюнча өнөктөштөр менен иштешүүнү улантабыз", - деп жазган ал.
Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндары 2028-жылдын 14-июлунан 30-июлуна чейин өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.