super.kg logo

Акыйкатчы Оштогу балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын ур-токмокко алынышы боюнча билдирди

 

Акыйкатчы институту Ош шаарындагы "Боорукердик" карылар үйүнө жана "Лотос" балдар үйүнө барып, ал жердеги абалды көрүп кайтышкан. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, буга чейин социалдык тармактарда "Лотос" балдар үйүнүн "Боорукердикке" которулган тарбиялануучусу сабалды деген видео тараган. Анда аталган мекеменин кызматкерлери балдарга күч колдонуп, андагы жашоочулар тарабынан кызга ыдык көрсөтүлгөндүгү айтылган.

Институттун маалыматы боюнча, окуя өткөн жылдын июнь айында болгон. Анда балдар үйүнүн чатырын катуу шамал учуруп кеткендиктен, ал жай убактылуу жабылып калган. Ал эми андагы 9 бала "Боорукердик" карылар үйүнө жайгаштырылган. 28-мартта өзүнчө имарат берилип, 9 бала карылар үйүнөн бөлүнүп чыккан.

"Кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип жаткан карыя карылар үйүндө өткөн жылдын 22-август айынан бери жашайт. Үй-бүлөсү жана жашаган жери жок. Буга чейин соттолгон. “Боорукердик” мекемесинин короосундагы имаратта дагы бир балдар үйү жайгашкан. Анда 30га жакын жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат", - деп билдирген институттун Ош облусундагы өкүлчүлүгү.

Акыйкатчы институту өткөн жылдын сентябрь-октябрь айларында өлкөдөгү балдар үйлөрүнө мониторинг жүргүзүп, "Боорукердик" социалдык мекемесинде балдар менен чоң кишилердин жайгаштырылышына жол берилбеши керектигин тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирген.

Учурда "Лотос" балдар үйүндөгү балдарга байланыштуу маалымат текшерилип, айрым фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: