"Дүйнө сулуусу-2025" сынагына Кыргызстандын атынан ким катышары белгилүү болду
Айжан Чаначева Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу-2025" сынагына катышат. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" сулуулар сынагынын уюштуруучулары билдирди.
"Биз Айжан Чаначева Кыргызстанды татыктуу таанытарына ишенебиз. "Мисс Кыргызстан" сынагынын уюштуруучулары ага ишенебиз жана ийгилик каалайбыз", - деп билдиришти.
"Дүйнө сулуусу-2025" сынагы 7-майдан 1-июнга чейин Индиянын Телангана штатында өтөт. Сынакка 132 өлкөдөн барган сулуулар катышат.
Белгилей кетсек, "Дүйнө сулуусу" сынагы Индияда экинчи жыл катары менен өтүп жатат. Былтыркы сынак Мумбай шаарында өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.