super.kg logo

Садыр Жапаровдун катышуусунда "Технопарк" IT-хабынын ачылыш аземи болду (видео)

 
Бүгүн, 10-апрелде өлкө башчы президент Садыр Жапаров Бишкектеги "Технопарк" IT-хабынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Иш-чарада президент сөз сүйлөп, мамлекет тараптан бардык ишкерлерди мындан ары дагы колдоого аларын жана жардам берүүгө даяр экенин баса белгилеп өткөн.
“Бүгүн биз жөн гана жакшынакай бир имаратты же жаңы кеңселер борборун эмес, келечектүү жаңы технологиялар мейкиндигин ачып жатабыз. Тагыраак айтканда, өлкөбүздүн өркүндөп-өсүүсүнө өбөлгө боло турган “Технопарк” IT-хабынын тушоосун кесип, байсалдуу сапар тилөө үчүн чогулуп отурабыз.
Эң алды бүгүнкү жакшы саамалык менен баарыңыздарды куттуктаймын. Заманбап IT-хаб баарыбызга ак жолтой болсун! Баарыңыздар жакшы билесиздер, өз мезгилинде бул жерде республика экономикасына чоң салым кошкон фабрика иштеп турган эле. Арадан жылдар өтүп, доор алмашып мына минтип бүгүнкү күндө заман талабына ылайык, демилгелүү, иштин көзүн тапкан, алдыга кадам жасай билген ишкерлердин жөндөмдүүлүгү жана мамлекеттин колдоосу менен бул жай жаңы багытка кадам таштады.
Мындай иштердин башталышына өлкөбүздө уюшкан кылмыштуу топтордун жок болушу түрткү болду десек болот. Биз мамлекет тараптан бардык ишкерлерди мындан ары дагы колдоого алабыз, жардам беребиз. Ошондуктан, мындан ары капиталыңыздарды өз өлкөбүзгө жумшаңыздар. Салыктарды өз мамлекетибизге төлөңүздөр. Мамлекет колдоп, кубаттап кана турабыз", - деген Жапаров.





Садыр Жапаров

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: